Тенирбергенова Айгул Тенирбергеновна

Учитель начальных классов, социальный педагог.

Мен,Теңирбергенова Айгүл,1975-жылы 20- ноябрда Нарын областына караштуу Жумгал районунун Кызыл -Жылдыз айылында кызматчынын үй -бүлөөсүндө төрөлгөн.
1982-жылы Миң-Куш шаарчасындагы А.С.Пушкин атындагы мектебине кирип, 1992-жылы 11-классты бүтүргөн.
Ошол эле жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык -Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып,1996-жылы кыргыз тили жана адабият адистиги боюнча бүтүрүп чыккан.
Биринчи эмгек жолумду өзүнүн окуп кеткен мектебинен баштаган.
2004-жылы Ысык — Ата районундагы Ивановка №2 А.Турсуналиев атындагы орто мектебинде эмгек жолун улантты. Кыргыз тили жана адабиятынан мугалими болуп иштеди.
2016-2017-жылдарда директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеди.
2019-жылдан бери Ивановка №4 башталгыч мектебинде мугалим жана социалдык педагог болуп иштеп жатат.
Үй -бүлөөлүү 3 уул ,2 кызым бар.