Китеп — билим булагы.
Мектептердеги окуу китептеринин тартыштыгын жоюуга көмөк көрсөтүү максатында Кант РЭТи тарабынан Ивановка №4 башталгыч жалпы билим берүү мектебине 85 даана окуу китеби алынып берилди.
Китептерди аталган мекеменин башчысы Көлбай Зайнуллаев мектеп директору Назгуль Жуманалы кызы баштаган эмгек жамаатына тапшырды.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевдин демилгеси жана тапшырмасы менен райондук түзүм жетекчилерине мектептер бекитилип берилип, билим берүү мекемелери менен ар тараптуу тыгыз иш алып баруу тапшырылган.
Комментарии