Урматтуу келечектеги биринчи жана 0 класстын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!
1- класска 7 жаштагы балдар, 0 — класска 6 жаштагы балдар кабыл алынат.
Мектеп жашына чейинки курактагы балдардын ата-энелеринин мектептин кичи аймагында жашагандыгы документтик түрдө аныкталат.
1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
- ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин арызы;
- Баланын медициналык картасы
- 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
- Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы).
- 2 скоросшиватель