Салам, Нооруз!
18- мартта Ивановка №4 башталгыч жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили мугалими А.Ж. Жунушова «Салам,Нооруз!» аттуу чакан концертти жогорку деңгээлде өткөрдү.
Майрамга ар бир класс бирден номер(ыр, бий) көрсөтүп беришти. Концертке мектеп директору, мугалимдер жана ата- энелер катышышты. Концертке мектептин ырчы мугалимдери да куттуктап ыр ырдашты.
Жунушова Анара Жумандиновнага мектеп директору ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөзүн айтып концертти жыйынтыктады.
Комментарии